КР ӨКМнин билдирген маалыматына ылайык, бүгүн 14-августта Кыргызстан боюнча туруктуу эмес аба ырайы күтүлүүдө.
Айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Борбор калаа Бишкек шаарында болсо, бир нече сааттын ичинде катуу жамгыр жаап чагылгандын болуусу күтүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ