Menu

Видео – Дөөлөт Сыдыков, манасчы, “КТРКнын жетекчиси Жайнак Үсөн уулу “Манасты ким тааныйт эле?”- деген сөзү үчүн кызматтан кетиши керек!”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 10-октябрда, АКИ-прессте манасчы Дөөлөт Сыдыков менен режиссер Ырыс Окенова журналисттерге жыйын өткөрдү. Алар КТРКнын жетекчиси Жайнак Үсөн уулунун “Манасты ким тааныйт?”,-деп, Манас жөнүндө телеберүүгө каршы чыгып, аны жаптырганына нааразы болуп, анын кызматтан кетишин талап кылышты.

Манасчы Дөөлөт Сыдыков: “Биз, КТРКдан “Ким макул?” аттуу телеберүүнү 23-сентябрдан баштап алып барып жатканбыз. 25-сентябрда болсо “Манаска болгон мамиле” деген телеберүүнү алып чыгып, анда 2011-жылы кабыл алынган Манас мыйзамынын иштебей жатканын жана “Бакай Ата”, “Манас” аттуу арактардын чыгып жатканы тууралуу кеп кылганбыз. Тилекке каршы, бул берүүбұз КТРКнын жетекчиси Жайнак Үсөн уулуна жакпай калып, “бул теманы эмнеге алып чыктыңар? Бул көрсөтүүнү жапкыла!”,-деп режиссер, продюсерлерге буйрук берип, аларды кысымга алган. Буга чейин биз 4-5 жолу Манаска болгон мамилени айтып, чыгарып келгенбиз. Туура эмес мамиле болуп жатса, мыйзам иштебей жатса, бул темага кайрылууга аргасыз болдук. Коомдук биринчи каналдын жетекчиси Манасты ушинтип айтып жатса, анан биз коомчулукка кантип жеткиребиз?   Юнескодогу маданий мурас катары катталган Манасты бүт дүйнө эли тааныган. А 198 өлкөнүн алдында таанылган Манасты коомдук каналдын жетекчиси “Ким тааныйт?”,- деп атат. Ушул сөздү уккандан кийин, мен манасчы катары кантип ұн катпай, чыдап олтурам? Мен коомчулукка, президентке, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылат элем, КТРКнын жетекчиси Жайнак Үсөн уулу ушул сөзүнөн кийин ушул кызматка отурууга акысы барбы? Жетекчи болуп отурууга моралдык акысы жок!”,-деди.

Манасчы Дөөлөт Сыдыковдун айткандарын толугу менен төмөндөгү видеодон көрө аласыздар!

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: