8-октябрда Грузиянын борбору Тбилиси шаарында күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнөлүк чемпионат болуп өттү. Мелдештер 13-октябрга чейин болот. Турнирдин алкагында грек-рим жана эркин күрөш бар.
Т.Икрамов Золтан Шоллени (Венгрия), Раймо Лехтону (Франция) жеңип, жарым финалда ирандык Азад Алимохаммадпурга утулуп, үчүнчү орун үчүн болгон таймашта түрк Орхан Тикачты упай менен утуп, коло медалдын ээси болду.
Эскерте кетсек, депутат Тазабек Икрамов былтыр декабрда билим берүүнүн отличниги болгон. Министрликтин эрежесине ылайык, билим берүү тармагындагы жетишкендиктерден сырткары, наам ала турган киши 20 жылдык педагогикалык тажрыйбага ээ болушу кажет. Ал эми Т.Икрамов болгону 2 жыл гана иштеген. 1990-2000-жылдары Жалал-Абад шаарында дене тарбия мугалими болгон. Андан кийин бизнеске кетип, анан эле депутат болуп чыга келди. Ошондо депутат сындын бутасына калганда, ал мындай сынды оппоненттердин көрө албастыгы катары баалаган.
Эми дүйнөлүк мелдеште үчүнчү орунга ээ болуп жатканда, көралбастар эмнени айтмак? Ал эми депутаттык ишмердүүлүгүнө баа берүүгө ашыкпай туралы.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ