Menu

2024-жылга чейин Орусияда калктын саны мигранттардын эсебинен гана көбөйөт

Бөлүшүү:

Орусияда кеминде 2023-жылга чейин калктын саны табигый түрдө азаюунун үстүндө болот. Бул тууралуу 2020-2022-жылдарга карата Орусиянын социалдык-экономикалык өнүгүү болжолунда айтылат.

Документке ылайык, 2023-жылга чейин калктын саны мигранттардын эсебинен гана көбөйөт. Табигый түрдө көбөйүү 2024-жылдан тарта гана башталышы мүмкүн. 2024-жылга карата Орусияда калктын саны 149 миллион кишиге жетиши ыктымал.

Буга чейин Орусиянын Статистика кызматы Орусияда калктын табигый түрдө азаюусу тездегенин маалымдаган. 2019-жылдын биринчи жарымында өлгөндөрдүн саны төрөлгөндөргө караганда 199 миң кишиге көбөйгөн. Орусияда репордуктивдүү курактагы аялдардын саны азайган. 2019-жылдын башында алардын саны 35 миллиондон ашкан эмес.

Былтыр декабрда Орусия Статистика кызматы 10 жылдан бери биринчи жолу калктын саны азайганын билдирген.

2015-жылдан бери мамлекеттик кызматтын эсебинде Крым калкы (эки миллиондой киши) да бар. Орусия жарым аралды аннексиялап алгандан бери аймакта калктын саны 50 миң кишиге азайган, айрым крым татарлары Украинанын башка аймактарына көчүп кеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: