16-август күнү саат 04:15 чамасында Ноокен районунан келишкен 4 жаран Жалал-Абад шаарынын четиндеги көчөлөрдүн биринде эс алып олтурушкан. Ошол кезде бейтааныш азият улутундагы болжол менен жашы 25-30 чамадагы 3-4 балдар келишип, бычак менен коркутушуп, акыркы үлгүдөгү телефондорун тартып алышкан. Бул тууралу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.
16-август күнү саат 04:30 чамасында Жалал-Абад ШИИБдин 102-телефонуна Ноокен районун 24-жаштагы тургунунан кайрылуу түшкөн. Келтирилген материалдык чыгым 60 миңден ашык сомду түзгөн.
Жогоруда аталган кылмыш окуясы боюнча топтолгон материал Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне КРнын ЖКнин 201-бер. 2-б., 3-б. (Тоноо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, шектүүлөрдү аныктап, тергөөгө камсыз кылуу боюнча оперативдик кызматтарга атайын тергөө тапшырмасы берилген.
Жалал-Абад ШИИБдин криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү жарандар кармалышты.
Шектүүлөрдүн өздүктөрү аныкталып, алар Сузак районун тургундары 1995-ж.т. Т. Б., 1998-ж.т. Х.Н., 1997-ж.т. Ш.М. жана Жалал-Абад шаарынын тургун 1997-ж.т. Р.Э. болуп чыгышты.
Алардын жасаган кылмыш иштери далилденип, далил буюм зат катары бир даана бычак жана 4 даана кол телефондор алынган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында кармалган шектүү жарандар Жалал-Абад ШИИБнин убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Учурда алардын башка жасаган кылмыш иштерин аныктоо максатында тергөө-ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ