Бүгүн, 15-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Зиядин Жамалдинов өлкөдө кайсы тармактарда айлык маяна көтөрүлөөрүн сураган.
Азыркы учурда депутаттар 2018-жылдын бюджети жана 2019-жылдарга карата божомол боюнча мыйзам долбоорун карап жатышат.
Каржы министри Адылбек Касымалиев кийинки жылдын бюджетинде саламаттык сактоо, маданият кызматкерлеринин айлыгын жогорулатуу каралганын билдирген. Андан тышкары, айдоочу, техничкалардын айлыгы 100 пайызга көбөйтүлүп, бул багытка 220 миллион сом каралып жатканын кошумчалаган.
Эл өкүлү мугалимдердин дагы айлык акысын көтөрүү кажет экендигин айткан.
Ага министр 2019-жылдын бюджетинен акча каралбаганын, бирок окутуучулардын маянасы көтөрүлөөрүн билдирген.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ