ИИМ жетекчилигинен кеткен Улан Исраилов учурда үй-бүлөсү менен эс алып, жай турмушта жашап атканынан кабар алдык. Атамбаевдин тегерегиндеги башка кадрлар «бок басып», уят болуу менен элдин бетин карай албай калышса, байкебиздин жүзү жарык, таза инсан катары көңүл бурдурууда. Ооба, тарыхта генерал Исраилов адилеттүү министр катары ак барактарга жазылып калат. Ага сөз тийгизген анча-мынча адамдар болду, бирок түпкүлүгүндө мамлекет үчүн жемишин берди. Дал ушундай генералды келечекте да урматтап, эл үчүн кызмат кылса, кызганбай эле татыктуу орун ыйгарыш керек.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ