Дарыкана, Ашхабад.
Ашхабадда жыл башынан бери дары-дармектин баасы кеминде эки эсеге кымбаттады. Бул тууралуу «Азатлык» түркмөн радиосу кабарлады.
«Январдан октябрга чейин Ашхабаддагы мамлекеттик дарыканаларда дары-дармектин баалары кыйла жогорулаган. Алсак, “Кавинтон” 65 манаттан (18 долларга жакын) 113 манатка чейин кымбаттаган. “Нистатин” дарысынын баасы 6 манаттан 12 манатка “Пирацетамдыкы” 3 манаттан 12 манатка көтөрүлгөн”, – деп жазды басылма.
Маалыматка караганда, дарылардын айрым түрлөрү үч-төрт эсеге кымбаттап кеткен. Ошол эле маалда буга чейин эле берекесиз болгон мамлекеттик дарыканалардын текчелери дагы кыйла бошоп калган.
Буга байланыштуу өлкөдө дары-дармек саткандардын көмүскө базары пайда болгон. Айрым учурларда анда мөөнөтү өтүп кеткен дарыларды кезиктирүүгө болот.
Жеке дарыканаларда дарынын түрү көп болгону менен баалар кыйла кымбат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ