Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айыл аймагында 2016-жылдын 15-ноябрында Миң-Куш-Ыраакы-Миң-Куш ички чарбалык унаа жолунун 3-4-чакырымында унаа жолунун 3-4-чакырымында болжол менен көлөмү 80 000 м3 болгон жер көчкү жылган. Натыйжасында көлөмү 1500м3 болгон жер көчкү унаа жолго сүрүлүп, унаа жол эки тараптан жабылып калган. Жабыркагандар жок. Бул тууралук КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.
Унаа жолдон 3 чакырым алыстыкта кошумча айлампа жол бар.
Учурда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмүнүн башчысы менен Жарандык коргонуу комассия тарабынан жерине тактоо иштерин жүргүзүүдө.
“Жумгал суу курулуш” ишканасынан 1 экскаватор, 1 самосвал жана 8 адам тазалоо иштерине тартылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ