Menu

Видео – Борончу Кудайбергенов: “Жээнбековчулар, элдин бүтүндүгүн бузбагыла, утулуп баратсаңар анчалык чычалабагыла!”

Бөлүшүү:

Өмүрбек Бабановго байлап улут аралык кастыкты козутуу боюнча таратылып жаткан чагымчыл видеотасма тууралуу Бабановдун жанында жүргөн белгилүү куудул Борончу Кудайбергенов өз оюн билдирди.

Аталган видео тартылган Он-Адырда Бабанов сөз сүйлөп жатканда жанында болгон Борончу Кудайбергенов бул атайын уюштурулган чагым дейт.

“Кечээги Он-Адырдагы жолугушуу боюнча провокациялык видеодон үзүндү чыгып кетти. Муну жамап жасап жаткан балдар, Жээнбековду же дагы башканы колдоп жаткан болсоңуздар мынчалыкка чейин барбаңыздар. Эки элдин ортосунда ынтымак керек. Бул видео кыскартылып-кесилип, монтаждалып аябай даярдалыптыр. Чындыгында ошол күнү биз Он-Адырда эл менен саат 10.00.дө жолукмакпыз, жергиликтүү бийлик бут тосуп жатып, араң саат 14.00.дө жолуктук. Бийлик бир күн мурун иштеп, Бабановго жолукпагыла деп үндөптүр, эртеси жолугушууга келаткан элдин алдынан криминал сыяктуу балдар тороп коркутушуптур, анын баарын эл Бабановго айтып беришти, ошондуктан Бабановдун реакциясын монтаждап жасашыптыр, ” – деди Борончу Кудайбергенов.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 + = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: