Menu

Кубат Оторбаев орунун тапты

Бөлүшүү:

Чоң бапкени көтөргөн, жөтөлсө да элге угулган үлкөн тармактарда иштеген тың чыкмалар баары бир ай талаада томурайып калбайт экен. Дегенибиз Кубат Оторбаевдин
таржымалы ушуга дал келет.

Экинчи ыңкылаптан кийин бир дөөнүн колдоосу менен КТРди алкымдан алып жыгылды, тамагына тайдын эти тыгылды, көңүлүнүн баарысы жемсөөсүн толтурууга
бурулду. Ал жерден соргон “майларына” илинчек табылганы менен кубаттуу санаалаштарынын жардамы менен аппак болуп чыга келди. Ай чырайлуу сулуулардын
кирпиктерин санап, кыйла эле жанын сергитти. Баракелде, деп алакан чапкандардын деминен мурдун дердейтти, элес-булас сербейген ээгиндеги сакалдарын сербейтти. Эмнеси болсо да улуттук каналдын ажаатын ачты, кумары таркаган соң артына карабай качты.

Андан кийин Акыйкатчылыктын тизгинин колуна алды, бир топко шаан-шөкөт салды. Башына кийген тебетейи чак келбегендиктен мөөнөтүнөн мурда тебилди, ахалай-
махалай атырынан себинди. Тулку боюн жакшылап жазган соң Шакинин жайлуу жерине көчүгүн койду, кайрадан челдейген курсагы тойду. Сыйлуу жерден калбады, эптүү кеби менен олигархты жайлады, тимеле той-тамашада жүргөнсүп кабагы ачык, жайдары. Айтор, Кубат деген жыргалга батты, чынында эле орунун тапты. Дале болсо кашаң аты күлүктөрдүн катарында, Шакиге дуба кылат күндө жатарында.

Булак:  «Ачык сөз»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: