Menu

Топчуке “тормусту” тептиби?…

Бөлүшүү:

Эмнениле унуттук деп жүрсөк, 24-мартты унутуп бараткан окшойбуз. 2005-жылы дүйнө элине «дүңк!» дей түшкөн марадөр-мартты айтып атам. Андан бери томпойгон 13 жыл өтүп кетиптир. Ошондо дуулдаган эл башында урупор-сурупору жок эле Топчуке өзү чаңкылдап жүргөндөй болгон. Андан кийин эмине болгонун элдин баары билет эмеспи. Акаев шаша-буша уча качты. «Марадөрлөр» магазин койбой тытмалашты. Бирак, да Топчукеге кийинки ажо Бакийиптен жыргаган эч нерсе тийген жок. Андан кийинки ажодон да эчтеме арткан жок окшойт. Азыр Топчукенин «аргиналный» айбаттуу үнү аянттардан угулбай да калды. Деги, ал көксөгөнүнө жеттиби же жокпу?

Бакай калпак кийип, сакалын көйнөктүн экинчи-үчүнчү топчуларына жеткиче кое бергенине караганда, жеткен окшойт. Жашы боюнча калың кыргыз элинин аксакалы болгону калпак астындагы «кампүтерине» жеткен окшойт. Ыңкылаптан ыңкылапка чейин элден бөлөк эч ким кыйналбай турганы жеткен окшойт. Анын үстүнө андан да катуу кыйкырганды өздөштүрүп алган жаш саясатчылардан «авансцена» бошобой калды көрүнөт. Эми эмне дейлик, Топчукеге бактылуу карылык, калыстык жана калың капчыктуу пенсия каалайбыз, бар болуңуз 24-марттын башкаарманы Топчуке!!!

Кимбайке

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: