Menu

Видео – Жыпар Жекшеев өзү АКШга барганда миллиардердин сулуу кызы капчык толо доллар сунуп, “мага үйлөн” дегенде “вербовка” деп качып кеткени тууралу интервьюсун танып кетти

Бөлүшүү:

-Жыпар Жекшеевич, биз, Жогорку Кеңештин 7 депутаты быйыл февраль айында АКШнын президенти Дональд Трамптын сый тамагына барып келгенбиз. Сиз ошондо фейсбук баракчаңызга өзүңүз илгери Америкага барып келгениңизде кандайча чалгын кызматына агент болуп кайырмакка түшкөнүңүздү жаздыңыз, анан бизди да мага окшоп, АКШнын чалгын кызматынын кайрымагына илинди” деп ойлодуңузбу, ушул боюнча кеңири жооп бериңизчи? – деп сурады бүгүн, 19-июнда депутат Абдыбек Дүйшалиев парламентке отчет берип жаткан КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеевден.
-Кайсы сурооңузга жооп берейин, сиз көп сөздөрдү айттыңыз.., – деп Жыпар Жекшеев түшүнбөгөндөй болду өзүн жоготуп.
-Өзүңүз баракчаңызга жазган постуңуз боюнча жооп бериңиз деп жатам.
– Мен сурооңузга түшүнбөй жатам, – деп анткорлонду Жекшеев.
-Мен айтайынчы, бир топ депутаттар Трамптын сый тамагына барып келген, ошондон кийин сиз баракчаңызга жазыпсыз, бул депутаттар дагы мен сыяктуу “вербовкага” түштү деп. Ошол туурабы же туура эмеспи деп жатат? – деп сөзгө аралашты вице-спикер Мирлан Бакиров.
-Чынын айтыш керек, моюнга алыш керек… Биз баарын көзөмөлдөп, баарын контролдоп, кечке чейин олтура албайбыз экранда баарын тең, биздин да оокатыбыз бар, иштерибиз бар, мен дагы сиздерге айтып кеттим… баарына мүмкүнчүлүгүбүз жетишпейт, – деди дагы анткорлонгон Жыпар Жекшеев. Буга жанында олтурган Байкоочу кеңештин мүчөлөрү Айбек Карымов, Азамат Болгонбаев жана башкалар да таң калып, реакция берип жатышты. Жалгыз гана Жекшеев суроого түшүнбөгөн түр көрсөтүп жатты. Бирок Жекшеев жыйындын башталышынан тартып суроолорго жакшы эле түшүнүп, жооп берип жаткан.
– Сиз такыр башка жоопту айтып жатасыз.., – деди Абдыбек Дүйшалиев.
-Биз Америкадан сүйлөсөк, сиз башка жакка кетип калдыңыз.., – деп тактады Мирлан Бакиров.
-Жок, мен Фейсбукка жазган эмесмин, сурооңузга түшүнбөй калыпмын, – деп акыры жооп берди Жекшеев.
-Сиз ал тема боюнча гезитке да интервью бергенсиз, сиздин айткандарыңыздан кийин мен сизге ишенбей калдым. Бул болгон окуя болчу да – деди депутат Абдыбек Дүйшалиев.
-Мен эч качан жазбайм, жадагалса мага тийишип жазгандарга да жооп бербейм, балким менин атыман бирөөлөр жазгандыр, негизи интервьюга жок адаммын, – деп танып кетти Жыпар Жекшеев.

Эске сала кетсек, Жыпар Жекшеев андай мазмундагы интервьюну өзү быйыл 20-февралда “Дело N” гезитине бергендиги анык. Ал интервьюсунда Жекшеев өзү АКШга барганда бир миллиардердин сулуу кызы капчык толо доллар сунуп, “мага үйлөн” дегенде чалгын кызматы “вербовка” аркылуу агент кылганы жатат деп качып кеткени жана башка өз башынан өткөргөн “вербовка” окуялары тууралу баяндаган эле. Анан кыргыз депутаттарын, бейөкмөтчүлөрдү АКШнын агенттери катары айыптаган болучу. Бүгүн болсо парламентте анын баарын жанын жеп танып кетти. Төмөнкү шилтеме менен сиздер Жыпар Жекшеевдин кантип Америка чалгын кызматы аны агент кылуу үчүн сулуу кыздарды жөнөтүп, “вербовка” кылууга аракет кылгандыгы боюнча интерьюсун (“жомогун”) окусаңыздар болот.

https://delo.kg/?p=24831&fbclid=IwAR2H6WxWRR5tKltHsTTVtP-2ue9EaYjtvpHa5DH9k9Li9UHUEL9OgyjiFXU
Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − 66 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: