Menu

Казакстанда журналисттин өлүмүнө айыпталган жаран 11 жылга соттолду

Бөлүшүү:

Нур-Султан соту былтыр күзүндө журналист Ирина Бекетованы өлтүрүүгө шектелип кармалган жергиликтүү тургун Анатолий Гусейновду 11 жылга эркинен ажыратты. Мындан тышкары ал компенсация катары журналисттин үй-бүлөсүнө алты миллион теңге (15,8 миң доллардан ашык) төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Ишти караган судья Вероника Семенова соттолуучунун күнөөсү соттук-медициналык экспертизанын корутундусу жана эки күбөнүн көрсөтмөсү менен ырасталганын билдирди.

Анын айтымында, Гусейнов айыптоолорду толук мойнуна алган эмес. «Ал журналистти бетке бир нече жолу урганын четке каккан жок. Бирок Бекетованы өлтүргүсү келбегенин айтты», — деди судья.

37 жаштагы журналисттин сөөгү былтыр 25-сентябрда өзү жашаган көп кабаттуу үйдүн алдында табылган. 28-сентябрда полиция бул кылмышка шектелген Анатолий Гусейновду Акмоло облусунун Аршалы районунда кармаганын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 + = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: