“Кырк чоро” кыймылынын лидери Руслан Адылов Жалал-Абад облусунун Сузак районунда эркек киши аялынын моюнуна дөңгөлөктөрдү байлап алып, башына чакалап муздак суу куюп, сабаган окуяга өз пикирин билдирди. Бул тууралуу ал Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазган.
Ал аялдарга карата зомбулук эч бир динде да, салтта да жок экенин белгилеген.
“Кыргызымдын эркектери! Койгула анчалыкка барбайлы! Аял бул үстүнө суу куя турчу балык эмес, дөңгөлөк жүктөй турчу багаж эмес, уруп тепкилегидей кийиз эмес.
Эл көзүнө алып чыгып аялын жазалоо, эч бир динде же болбосо салтта жок. Ары жоктук көрүнүш!
Аял бул энебиз, кызыбыз, карындашыбыз, өмүрлүк жарыбыз.
Аял укугун тебелөөнү эрдик катары көрбөйлү! Азыр муштум заман эмес, өкүнүп калыш бир замат. Тил табышып жашаганды үйрөнөлү туугандар!” – деп жазган Руслан Адылов.
Белгилей кетсек, эркек киши аялынын мойнуна дөңгөлөктөрүн асып, колдорун артка байлап, чакалап суу куйган видеотасма 12-июнда социалдык тармактарда жарыяланган.
Кийинчерээк жабырлануучу милицияга арыз менен 11-июнда кайрылгандыгы белгилүү болду. Кордук көрсөткөн күйөөсү убактылуу кармоочу жайга, кийинчерээк тергөө изоляторуна 15 күнгө камалды.
Аталган факты “Кыйноо” беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ