Menu

Видео – Аида Касымалиева, ЖК депутаты: “Өкмөт Абдыкалык Рустамовду кызматтан алуу боюнча Коопсуздук кеңешинин чечимин 15 күндөн бери аткарбай жатат”

Бөлүшүү:

“Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин иши боюнча 9-апрелде Коопсуздук кеңеши атайын жыйын өткөргөн. Агенттиктин директору Абдыкалык Рустамовду Коопсуздук кеңешине жыйынга чакырышкан, бирок ал “ооруп калдым” деп 9-апрелде жыйынга келген эмес. Бирок ал ошол күнү өз жумушуна барган, шул фактыны да текшерип койсоңуз”, – деп билдирди бүгүн депутат Аида Касымалиева парламентте отчет берип жаткан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып.
“Негизинен акыркы учурларда бул кишинин ишине өтө көп дооматтар айтылып жатат. Аны өзүңүз да билсеңиз керек. Коопсуздук кеңешинин ошол жыйынында “агенттиктин директору Абдыкалык Рустамов жана анын орун басары кызматтарынан алынсын” деген сунуш сиздерге жиберилген. Андан бери 15 күн өттү да, ошол сунуш келдиби, эмне болду? Сиздин саясый бааңыз кандай?- деп такыды Аида Касымалиева.
“Мен ал сунушуту алдым, өткөн жумада алдым, азыр карайбыз, ал жерде көптөгөн фактылар жазылыптыр, анан өзү барган эмес экен, орун басары барыптыр, Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын отурумуна. Анан бул иш боюнча териштирип, анан сиздерге жооп берем”, – деп жооп берди премьер Абылгазиев.
“Менимче териштирүүгө убакыт жетиштүү болду, 14 күн өттү, Коопсуздук кеңеши ушундай жыйынтыкка келип жатат. Анан Рустамов өзү ар жерде Коопсуздук кеңешинин чечимине комментарий берип жатат. Ушу негизи, бул адам сообу деги? Анын бул аракеттери этикага жатабы?” – деп кайра көгөрдү депутат.
“Баа беребиз Аида айым”, – деди премьер.
“Жок, Мухаммедкалый Дүйшөкеевич, негизи ушуга чейин эле баа берилиши керек эле да. Коопсуздук кеңешинин мындай чечимине кабылган адам жок дегенде кызматынан убактылуу четтелиши керек. Же болбосо бүгүн парламенттин жыйынына, өкмөттүн отчетуна келбеш керек. Баа берилип, жыйынтык чыгып калыш керек эле. Мына, мындай окуялар качантан бери болуп жатат, биздин комитеттин да “Кызыл-Үңкүр” боюнча чечими чыкты, андан сырткары “Беш-Арал” боюнча кылмыш иштери бар, Башкы прокуратура айтып жатат. Жанагындай иш сапарлары жөнүндө маалымат чыкты. Мен мурун коррупцияга байланыштуу бир адамды кетиребиз дегенде макул болчу эмесмин, бирок ансыз болбойт экен. Бизге күндө арыздар келип жатат, анан ал киши тууралу 15-20 күндөн кийин деле чечим чыкпайбы? Ал өзү комментарий берип жүрөт, мына кечээ да уран боюнча элге түшүнүксүз комментарий бериптир, сиз “уран боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыга элек” десеңиз, ал “чыкты” деп жатат…”, – деди Касымалиева.
” Мен Коопсуздук кеңешинин чечимин жуманын аягында, бешинчи күнү алдым, эртең кудай буйруса убакыт болот, эртең карайбыз”, – деп убада берди премьер Абылгазиев.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: