Menu

Каныбек Исаков билим берүү тармагын кризистен чыгара алабы?

Бөлүшүү:

Мурдагы билим берүү жана илим министри Г. Кудайбердиева кызматтан алынып, анын ордуна ОшМУнун ректору Каныбек Исаковдун талапкерлиги талкууланып атканда парламент депутаттары “эки иштен бир иш” – деп, бул тармактын көйгөйлөрүн да талкуулап жиберишти.

Эл өкүлдөрү алгач 9-сентябрда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети кезектеги олтурумунда Каныбек Исаковдун талапкерлигин карап, жактырышты.

Каныбек Исаков 2011-жылдан бери карай ОшМУнун ректору болуп келет. “Жетекчилик кызматка келгени инновациялык бир топ жаңылыктарды тажрыйбалап, көз карандысыз аккредитациядан өтүп, өсүштөргө умтулуп келет”,- деди жаңы министрлик орунга талапкердин өмүр баяны менен тааныштырган өкмөт башчынын орун басары Алтынай Өмүрбекова.

“Абитуриенттерди кабыл алуунун тартиби он-лайн ыкмасында ишке ашырылып жаткандыгы да иштин көзүн таба билген жетекчинин көрөгөч жөндөмү”,- деди вице-премьер-министр.

Талкууда депутат Алмазбек Токторов120 миң киши иштеген татаал тармакка келип жаткан Каныбек Исаковго кайрылып, ОшМУнун ишин өрнөктүү жолго салып койгон жетекчилик аракетине ыраазы болуп, окуу жайдын бюджети 1,5 млрд. сомго жеткендигин белгиледи. ОшМУ бир гана билим борбору гана эмес, маданий борборго, кала берсе Ош шаарынын бюджетин түзүүчү негизги структурага айлангандыгын айткан эл өкүлү А.Токторов: “Чыныгы лидерлердин ишке келиши билим берүү тармагын алдыга сүрөйт”,- деди.

ОшМУда окуган студенттердин ар биринин кыймыл-аракети, окуудагы жетишкендиги он-лайн аркылуу ата-энелердин да, мугалимдердин да көз кырында турат. Бул тууралуу иштин ийгилигин белгилеген депутат Жанарбек Акаев: “ОшМУга К.Исаков жетекчилик кылган жылдары 5 млн. долларлык инвестиция тартылды. Бул соңку 2-3 жылдагы жетишкендик. Ушундай жетекчинин республиканын Билим берүү тармагын жетектөөгө келиши үмүт жандырат”,- дейт.

Айтор Каныбек Исаков эгер министр болуп калса, бүтүндөй өлкөбүздүн билим берүү тармагын ОшМУдай өнүктүрүп, коррупциядан арылтарына үмүт чоң.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: