Кыргызстан дүйнөнүн 11 өлкөсүнөн гуманитардык жардам алды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.
Анын айтымында, пандемия учурунда өлкөлөр жана эл аралык уюмдардан тышкары, чет өлкөлөрдөгү кыргыздар да мекенине гуманитардык жардам жөнөтүшкөн. “Гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча ачык маалымат берилет”, – деп кошумчалады ал.
Ошондой эле, ал республикада эпидемиологиялык кырдаал турукташып жаткандыгын белгиледи.
“Бирок кубанууга али эрте, анткени региондордогу кырдаал курч бойдон калууда” деди ал.
Белгилей кетсек, бүгүн, 28-июлга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетин жуктуруп алган 548 жаңы учур катталды. Муну менен Республикада жалпы саны 33 миң 844 адамга жетти. Илдеттен айыгып, ооруканадан чыккандардын саны 22 миң 296. Ал эми пневмония жана коронавирус 1329 адамдын өмүрүн алды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ