Menu

Депутаттар Элвира Сурабалдиева менен Жанар Акаевдин чатагы кантип ырбады?

Бөлүшүү:

29-май күнү “Азаттык” радиосу өлкөдөн 700 млн доллардын чыгарылып кетиши тууралу чуулгандуу “журналисттик иликтөө” жарыялады. “Иликтөөнүн” башкы каармандары Матраимовдор болгондуктан коомчулук ызы-чуу түшүп эле жатып калды.

30-май күнү КСДПчы депутат Элвира Сурабалдиева парламенттин отурумунда сөз сүйлөп, Каржы полициясынын начальнигинин орун басары Эмил Жамгырчиевге кайрылды: “Эмил Эрикович, сиз кечээ “Азаттыктын” иликтөөсүн телевизордон же интернеттен көрдүңүзбү? Раим Матраимов боюнча… Каржы полициясы иликтөө баштадыбы? Азыр соцтармактарды ачсаңыздар, кечээтен бери парламентти, өкмөттү жана сиздерди да эл сөгүп жатат. 2011-2017-жылдарда Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылып кетиптир деп… Ушундай чоң скандалдуу видеотасмадан кийин азыркыга чейин иликтеп баштабаганыңыздарга мен таң калып жатам да. Кыргызстанда ушундай кыйын кырдаалдарда Курманжан Датка же Роза Отунбаева же Аялдар партиясы алдыга чыгат. Мен аябай намыстанып турам. Мына, азыр саат 4 болду, төрткө чейин бул маселени бир да эркек депутатыбыз көтөргөн жок, мен абдан уялам да. Сөздүн ачыгы. Уят нерсе. Бул деген намыс деген нерсе. Элдин баары карап турат…” – деди депутат

31-май күнү КСДПчы депутат Элвира Сурабалдиева журналисттерге интервью берип “Атын айтпай эле турайын, бир жаш депутатка кайрылып, “Эмне унчукпай олтурасыңар, “Азаттыктын” иликтөөсүн көтөрбөйсүңөрбү” десем, “Эми сиз турасыз да, көтөрбөйсүзбү” деп тамашалагансып кайра мага жооп кайрыды да. Баары эле түшүнүп турушат да. Мамилени бузгусу келбейт да. Эми тойго барып келген коллегаларыбыздын баарынын аты-жөнүн жакшы билесиңер да”, – деп жыйынтыктайт.

31-май күнү экс-КСДПчы депутат Жанар Акаев өзүнүн Twitter социалдык тармагындагы баракчасында “Мен 4 жылдан бери эле коррупция, саясий камоолор боюнча туруктуу бир позицияда келатам. Бир базарчы коллегам финполдун замына 1 суроо берип, мактанат. Камоолор, соттошууларда кайда элең деген киши жок. Майда чиновниктерге асылбай, системага тийишсең деп койсом таарынып калыптыр” – деп жазды.

1-июнь күнү кайрадан Элвира Сурабалдиева Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу жооп узатты:

“Орозо маалында ачууга салбайын, бүгүн Кадыр түн экен. Кечээ мен катуураак сүйлөп койсом Жанар Акаев иним намыстанып кетсе керек.
Атамды 2005 -жылы атып кеткенде, мен 26-жаштагы үйдүн тун кызы катары, үй-бүлөлүк бизнести башкарууну аргасыз мойнума илдим.
Кантсе да базарда иштегендерди киши катары санабай, алардын жумушун мазактагандык эл өкүлү үчүн туура эмес – алар да биздин жарандар. Миңдеген эмес, жүз миңдеген Кыргызстандыктар Совет бийлиги таркаганда, айласыздан базарларга чыгышып, арасында мугалимдерди, доктурларды, илимий адамдарды, журналисттерди да тааныймын, тынч оокатын кылып келе жатышат.

Бишкек кайнаган ысыкта да, чыркыраган суукта да темир контейнерде ден соолуктан ажырап, байып тапкан акчаларын кийин ооруканада коротушат. Мамлекетке жалдырабай, 30 жылдан бери жакындарын багып жүргөнүнө деги ыраазычылык.
Бетиме айтпай, интернеттен эрдик кылып жүргөн жаш иниме эскертүү — заман оомал-төкмөл болот, бийлик жана байлык бул чоң сыноо, көтөрө билиш керек.
Финполдун замына Раим Матраимов жөнүндөгү “Азаттыктын” иликтөөсү тууралуу мен эмес, ошол жердин аркасы менен парламентке келген Жанар иним суроо берсе аябай жарашмак…
Баардыгы сатылат дегендердин убагы да кетет, абийр менен намысты бекем кармаган эркектер, эл өкүлдөрүнө калкыбыз муктаж болгон заманда — кашыктап чогулткан абройду, чөмүчтөп төкпөйлү.
Ата-бабаларыбыздын арбактары да, келечек муундар да бизди кечирбейт.

P.S. Власть и деньги не меняют людей, они лишь показывают кто они на самом деле, то есть их настоящую сущность”.

Элвира Сурабалдиеванын бул постунан кийин коомдук пикир депутат Жанар Акаевди “базарчы” деген текебер сөзү үчүн тепкилеп жатып калышты. Бирин-серин жактоочуларынын Акаевди актоого кылган аракетинен майнап чыккан жок. Сурабалдиеванын постуна 743 киши “лайк” басып, 571 киши комментарийлерин жазышып, Акаевдин “терисин тескери сыйрышты”. Андан сырткары 150дей киши өздөрүнүн баракчаларына бөлүшүп, Сурабалдиеванын постун андан ары таратышты.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 61 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: