4-майдан 15-майга чейин Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, жалпы республикалык тестирлөө 21-22-июнда эки этапта өтөт.
“Бул үчүн бөлмөлөрдүн ичи дезинфекцияланып, абитуриенттердин ортосундагы аралык сакталат жана бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарылат” – деп билдирди Каныбек Исаков.
Булак: KyrgyzToday.kg
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ