Menu

Новосибирск шаарынын тургуну кыргыз жаранын өлтүргөндүгү үчүн алты жылга кесилди

Бөлүшүү:

Новосибирск шаарынын 21 жаштагы тургуну 2015-жылы Кыргызстандын жаранын өлтүргөндүгү үчүн күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу Россиянын Новосибирск облусу боюнча тергөө комитетинин сайтында 30-июнда жарыяланды.

Маалыматтарга ылайык, 2015-жылдын 16-февралында орус улутундагы адам славян улутундагы эмес бейтааныш адамды көрүп, улуттук жек көрүү сезиминен улам көкүрөгүнө үч жолу бычак сайып, окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу кыргыз жараны экени аныкталып, алган жараатынан улам ооруканада көз жумган.

Белгиленгендей, кылмыш жасаган орус улутундагы жигит 2015-жылы жашы жете элек болчу.

“2019-жылы январда Москвада кармалган кылмышкердин өздүгүн аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Тергөөнүн жүрүшүндө айыпкер күнөөсүн мойнуна алган жок” – деп айтылат маалыматта.

Соттун өкүмү менен орус улутундагы жигит алты жылга эркинен ажыратылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 + = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: