Menu

Жайыл районунда ээнбаштыкка шектүү жаран кармалды

Бөлүшүү:

Жайыл районунда ээнбаштыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Чүй ОИИБнин басма сөз кыматы билдирди.

Буга чейин Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү 28 жаштагы С.А. аттуу жашоочу арыз менен кайрылып, мурдагы күйөөсү Б.Т. аттуу жаран анын жашаган үйүнө барып, денесине залал келтирип, белгисиз куралдан жерди карай ок чыгарганын билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

“Бандит” аталышындагы рейд иш-чарасынын алкагында Чүй облусунун ИИББдүн жана Жайыл РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында  жогорудагы кылмышка шектелип, 34 жаштагы Б.Т. аттуу кармалган. Териштирүү учурунда жогорудагы жаран ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турганы аныкталган. Кармалган жаран тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, алынган куралга тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: