15 жаштагы кызды зордуктоого шектелген адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдирет.
Белгиленгендей, мындай чечимди Токмак шаардык соту чыгарган. Шектүү М.Р. эки айга СИЗОго камалды.
Буга чейин кыздын таенеси шектүүгө каршы көрсөтмө бергенден кийин, өгөй ата Токмок ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилген.
Белгилей кетсек, Токмок шаарынын 15 жаштагы тургуну эки жылдан бери өгөй атасы тарабынан зордукталып келгенин айткан.
Кыздын адвокатынын айтымында, өспүрүм кыз өгөй атасы тарабынан эки жыл бою кордук көргөн.
“Кыздын энеси бул жөнүндө билип, унчукпай келген. Жакында гана жабырлануучу таежесине жана таенесине баарын айтып берген. Алар милиция чакырышкан, факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 5-декабрда катталган. Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат”, – деген жактоочу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ