Милицияга 2018-жылдын январь айынын башында болжол менен саат 15:30 чамасында Бишкек шаарында жайгашкан базарлардын бириндеги контейнерден “Самсунг С-5” үлгүсүндөгү уюлдук телефонду жана акча каражатын уурдап кеткендиги тууралуу арыз түшкөн. Жабырлануучуга жалпы суммасы 33 000 сомдук чыгым келтирилген. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.
Свердлов РИИБнин кызматкерлери тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары 37 жаштагы Б.С. аттуу жергиликтүү тургун кармалган.
Андан сырткары, тергөө учурунда кармалган жаран ушул сыяктуу кылмыш иштери боюнча мурда сот жообуна тартылганы аныкталган.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ