Menu

Тажикстанда 150дөн ашык аткаминер административдик жоопко тартылды

Бөлүшүү:

Тажикстанда министрликтер менен мекемелердеги текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 153 аткаминер материалдык жана административдик жоопкерчиликке тартылып, алтоосу жумуштан алынды. Бул тууралуу өлкөнүн Эсеп палатасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган чиновниктердин бардыгынын тең мамлекеттик каражатты максатсыз пайдаланууга тиешеси бар.

Эсеп палатасы 2017-жылдын экинчи жарымында 126 мамлекеттик мекемеде бюджеттик каражаттын пайдаланылышы боюнча аудит жүргүзүп, 7 миллион сомони (777 миң доллардан ашык) өлчөмүндөгү акча кем экенин аныктап чыккан.

Тажик парламентинин төмөнкү палатасынын депутаты Саиджаффар Усмонзода бюджеттик каражатты максатсыз пайдаланган аткаминерлер оңой кутулуп кетти деп эсептейт. «Мамлекеттик бюджеттин негизги киреше бөлүгүн ишканалар менен калктан чогулган салык түзөт. Ал акчаларды өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланган мамлекеттик кызматкерлер сөгүш алып гана кутулуп кетип жатат. Мындай жол менен коррупцияга каршы натыйжалуу күрөшүүгө болбойт», – деди ал.

2017-жылдын алты айында Эсеп палатасы аудиттик текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен 38 материалды Башкы прокуратурага жөнөткөн. Алардын негизинде 8 кылмыш иши козголгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: