Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4- пунктуна жана 95-беренесинин 3-бөлүгүнүн, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 27-беренесинин негизинде Чүй облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Айтбаева Индира Мукашевна жана Ош облустук сотунда судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Токтомушев Мамасалы Мырзашевич Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, алардын аталган соттордогу судьялык ыйгарым укуктары токтотулду. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.
Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ