Түркмөнстан борборунда “Ашгабатагызсув” мамлекеттик ишканасынын жумушчулары март айынын маянасы алыша элек.
Бирок алар жетекчиликтин талабы менен аванс алуу үчүн ишкананын эсебине 50 манаттан которуп беришкенин айтышууда. Түркмөнстанда расмий курс боюнча 1 доллар 3,5 манатка барабар.
“Эркин Европанын” түркмөн кызматынын кабарчысы билдиргендей, акча чогултушкандан кийин дагы кызматкерлер айлык акы алышкан эмес.
Сууканал кызматкерлери өз милдеттеринен тышкары гүл бактарды, көрүстөндөрдү, суу кудуктарын тазалашат, бирок бул үчүн кошумча акча алышпайт. Жетекчилик нааразы болгондорго “шаарды тазалоо керектигин, киши жетишпей жатканын” айткан.
“Эркин Европанын” түркмөн кызматы ишкана менен байланышып, бул боюнча түшүндүрмө ала алган жок.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ