Кызматка келгенден бери кылган иши билинбеген «Энергохолдинг» ишканасынын жетекчи Азамат Абдыкадыров өткөн жумадагы өкмөттүк жыйында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевден жаш баладай тил укту. Көөнө тил менен айтканда: «күлгө чапкан көтөндөй» эле болду. Эгер бетинде кичине уяты бар киши болгондо эки алган окуучудай башын шылкыйтпай кетип калмак. Намыс дегенден куржалак калган, кызматка жабышкан бир кокуй экен да. Ал эми премьер-министрге келсек, бир жылдан бери өкмөт башчы катары иш алып барып жатып Абдыкадыровду эми байкаганы бизди таң калтырды. Жарыктык киши кеч болсо да байкап койгонуна баракелде деп турубуз. «Кыраакы» өкмөт башчыбыз бар экен деп кубанып калдык. Эми бир чара колдонорсуз…
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ