Menu

Самат Курманкуловду Бабановго иштеп жатасың деген кине менен кызматтан алып салышты

Бөлүшүү:

ИИМдин Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Самат Курманкуловду Өмүрбек Бабановго иштеп жатасың деген кине менен кызматынан алып таштаганын эшиттик.

Орулуу коом болдук, бөлүнүп-жарылганды, сен ага иштейсиң, сен буга иштейсиң деген жинди адаттардан арыла албай аймаңка болуп калдык. Мыкты кадрлардан, жаш кадрлардан кол жууп жатабыз. Самат Курманкулов өз ишин мыкты билген, керек болсо «караларды» көргөндө колуна суу куйган генералдардан өйдө турган, эр жүрөк опер деп айтсак да ашыкча болбойт.

Мелис Турганбаев анын өз ишине тың, жүрөктүү экенин билип туруп көтөрмөлөсө керек. Мейли эми, «көздүү мончок жерде калбайт» дегендей, Курманкуловдун да короосунда майрам болоор. Эң негизгиси анын ордуна жаман жигит келген жок. Орунбасары Сталбек Рахманов деген мыкты жигит келди. Бул жигит да өз ишинин профессионалы. Андыктан колдошубуз керек. Эртең ал да кимдир бирөөнүн курмандыгы болуп калбашы керек.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 15 = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: