Түркмөнстан ноябрда Азия эл аралык темир жол коридорун ишке киргизет. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар билдиришүүдө.
Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов буга байланыштуу атайын өкмөттүн жыйынын өткөрдү. Анда Түркмөнстан-Ооганстан-Тажикстан темир жолунун Атамурат-Имамназар (Түркмөнстан)-Акина (Ооганстан) тилкесинин курулушу туурасында сөз жүрдү. Негизинен бул жол башта Азия эл аралык темир жол коридору деп аталган.
Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун пикиринде, Түркмөнстан-Ооганстан-Тажикстан темир жолу Азия темир жол коридорунун кезектеги “алтын тогоосу” болмокчу. Ал – Европа менен Азияны бириктирген унаа-байланыш түйүнүнүн маанилүү эл аралык сегменти.
Мамлекет жетекчисинин айтымында, темир жол коридору жана мунай өнүмдөрүн жүктөп жөнөтүүчү терминалы ноябрда колдонууга берилет. Иш-чара БУУ Ашхабадда өткөрө турган туруктуу транспорт системасына арналган глобалдык конференцияга туш келмекчи. Түркмөнстан-Ооганстан-Тажикстан трансулуттук темир жолунун курулушу 2013-жылы башталган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ