Menu

Анжиянда мугалимдерди лимон өстүрүүгө милдеттендиришти

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Анжиян облустук акимчилиги мектеп жана бала бакчалардын жетекчилерине окуу жайлардын аймактарына лимон өстүрүүнү тапшырды.

Маалыматтарга караганда, Анжиян облусундагы бардык мектептер менен бала бакчалар аймагына лимон өстүрүү үчүн күнөсканаларды курушу керек. Облустун элдик билим берүү башкармалыгынын кызматкери демилге жашылча-жемиш экспортунун көлөмүн көбөйтүү зарылдыгына байланыштуу экенин айтты.

Айрым орто мектептердин директорлору күнөсканаларды курууга каражат жана адистер жок экенин айтып даттанышууда:

– Бизде лимон күнөсканаларын курууга акчабыз жок. Облус акими банктар насыяга акча берет деп убадалаган. Бирок кийин аны кайра эле төлөп беришибиз керек да. Анан да биз багбанды кайдан табабыз? Лимон өстүрүү үчүн мыкты адистер керек. Мугалимдер балдарды окутуш керекпи же лимон өстүрүш керекпи? Биз үчүн бул азыр чыныгы баш оору болууда, – деп билдирди директорлордун бири.

Беш жыл мурда өзбек өкмөтү тропикалык жемиштерди өстүрүү көлөмүн жогорулатуу максатында өлкөдөн импорттолуп жаткан тропикалык жемиштерге 25 пайыздык акциздик салык киргизген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: