Россияда жоголгон кыз Кыргызстанда болушу мүмкүн. Бул тууралуу россиялык маалымат каражаттары кабарлады. Маалыматка караганда, 15 жаштагы кыз Ленинград облусунун Мурино аймагындагы уйүнөн 6-августта чыгып кеткен бойдон кайра келген эмес. Ал буга чейин Кыргызстанга кайтып келгиси келип жүргөндүгү айтылат. Атасынын билдирүүсүндө, кыз шаарды жана орус тилин жакшы билбейт. Өспүрүм кыз мектепке да барбайт экен. Кыздын башында жоолук, кыска булгаары куртка жана кара юбка кийип жүргөндүгү маалымдалат.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ