Menu

Академиянын “алиментинен” баш тарта албаган Акималиев

Бөлүшүү:

Ар жак бер жагыбызды карабай урду сокту кептерди айта берүү адатынан чыга албай келебиз. Өзгөчө аксакал деген, эл сыймыгы деген, Бакай жашына барып калган адамдарыбыз тантыганда таң калбай коё албайсың. Анан булардын айтып атканын, жасап атканын көргөн жаштарга кантип кине коё алабыз? Сакалдуу баштары менен сагызгандын обонун созуп жатышса жаштар кимден үлгү алышмак эле? Айталы, Академик аксакалыбыз бар эмеспи, Жамин Акималиев деген. Илим жаатын да, саясат жаатын да, айыл-чарба жаатын да, атургай маданият жаатын да катырып жиберген. Академик деген ардактуу наамы бар. Бирок, бул киши учурунда «Илимдер академиясын жоюп салыш керек»-деген боорду эзме демилгеси менен чыккан. Арийне, айтылган сөздүн
негизи анын натыйжасы болуш керек да. Же жөн эле чай ичип олтургандагы чайкама кеп деп түшүнөлүбү? Кызыгы, Акималиев аксакал бүгүн өзү «жоюп салгысы» келген ошол илимдер академиясынын акырынан жем жеп, академиктер үчүн ай сайын берилчү 15 000 миң сомдук стипендияны алып олтурат. Анчалык эле акыйкатчыл экен, анда неге ошол «кереги жок» академиянын акчасын «кызарбай» туруп алып атат? Принцип деген түшүнүктү артынан келе жаткан муунга калыптандыргысы келсе Жамин аксакал айткан сөзүнө туруп, акчасын дагы албай, аны акырына дейре чыгарыш керек эле го. Аксакал башы менен ар нерсени божурап, анан кайра «эч ким билбейт» мамилеси менен ошол академиянын «эмчегин» соруп атканын кантип түшүнсөк болот?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: