Menu

Орусиянын Конституциялык соту Навальныйдын арызын караган жок

Бөлүшүү:

Орусиянын Конституциялык соту Алексей Навальныйдын доо арызын кароодон баш тартты. Бул тууралуу маалымат 18-январда соттун сайтына жарыяланды. Оппозициячыл саясатчы соттуулугу жоюлбагандыгына байланыштуу анын президенттик шайлоого катышуусуна тыюу салган федералдык мыйзамдагы карама-каршылыктарга даттанган.

Чечим өтө тездик менен – арыз берилгенден кийин үч күндүн ичинде кабыл алынды. Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун юристи Иван Ждановдун айтымында, мындай бат чечим кабыл алуу көрүнүшү буга чейин бир гана жолу – президент Владимир Путиндин аннексияланган Крымды Орусиянын курамына кошуу боюнча суроосуна жооп берүү маалында катталган.

Алексей Навальный арыз менен Конституциялык сотко 16-январда кайрылган. Анда саясатчы пассивдүү шайлоо укугу болгон шарттагы кошумча чектөөлөрдү Конституцияга каршы келет деп таанууну өтүнгөн.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы 25-декабрда “Навальныйдын “Кировлес” иши боюнча соттуулугу жоюлбаганына байланыштуу ал 18-марттагы шайлоого катыша албайт” деген чечим чыгарган. 30-январда Жогорку сот БШКнын бул чечимин жокко чыгаруу тууралуу оппозициячынын доо арызын кароодон баш тарткан.

Оппозициячынын өкүлдөрү аны шайлоого катыштырбоо тууралуу чечимди мыйзамсыз деп аташты. Навальныйдын өзү тарапташтарын шайлоого бойкот жарыялоого чакырган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: