Menu

ИИМ ИИК: Мурда жана азыркы учурда иштеген милиция кызматкерлери пара  талап кылып жаткан жеринен кармалышты

Бөлүшүү:

ИИМдин Ички иликтөө кызматы иштер органдарынын катарындагы кызматтык кызыкчылыктарын саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө
жапкандарды  тазалоого багытталган иштерди улантып жатат. Жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароо,  кылмыштарды каттоодон жашыруу, пара талап кылуу, оройлук боюнча кароо боюнча фактыларга өзгөчө көңүл  бурууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдайт.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте пара талап кылууга шектелген жактарды кармоо боюнча ыкчам-тергөө  иш-чараларын жүргүзүшкөн.

2019-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына Бишкек шаарынын жашоочусу кайрылып, арыздануучуга кылмыш ишин козгоону ишке ашырбоо үчүн 3000 АКШ доллар акча каражатын талап кылган милиция
кызматкерлерине карата тиешелүү чараларды көрүүлөрүн суранган.

2019-жылдын 24-январь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Кыргыз Республикасынын
кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин (пара талап кылуу) негизинде Бишкек шаарынын  Шопоков менен Иваницина көчөлөрүнүн кесилишинен Бишкек ШИИББдин Криминалдык милиция кызматынын 1988-жылы туулган Е.А. аттуу
кызматкери, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын мурдагы кызматкери, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып жана пара талап кылгандыгы үчүн издөөдө жүргөн 1982-жылы туулган Н.У., Ленин РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын мурдагы кызматкери,  алдамчылык менен издөөдө жүргөн 1980-жылы туулган Ж.Т. аттуулар  2500 АКШ долларын накталай алып жаткан жеринен кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүргүзүштү.

Аларга өздүк кароо жүргүзүү учурунда 2500 АКШ доллар суммасындагы акча каражаты табылды.  Азыркы учурда аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка дагы жактарды тактоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.  Иликтөөнү УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы жүрүзүүдө. Жогоруда көрсөтүлгөн милиция кызматкерлер  кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: