Menu

Канат Азиз, юрист: “Президент шайлоого чейин талапкерлердин рейтингин жар салбашы керек болчу”

Бөлүшүү:

Юрист, БШКнын мурдагы мүчөсү Канатбек Азиз маалымат жыйында президент Атамбаев шайлоо мыйзамдарын одоно бузуп жатканын баса белгиледи.

“Атамбаев социалдык сурамжылоолордун жыйынтыктары жана Жээнбековдун алдыда баратканы тууралуу жарыялоого укугу жок болчу. Буга прокуратура органдары чара көрүшү керек эле. Талапкерлер ушинтип айтышса болот, анткени бул өзүн-өзү үгүттөөнүн элементи. Алар 120% жарандар колдойт деп айта беришсин, бирок Атамбаев мыйзам боюнча мындайга жол бербеши керек эле. Анын мындай кадамы жарандардын тандоо эркине таасир эткендиктен, шайлоо процессине кийлигишпеши керек. Шайлоонун акыйкаттуулугу камсыз болушу керек, бирок андай болбой жатат”.

К.Азиз, ошондой эле БШК талапкерлердин бирин калкалап, бир тараптуу иштеп жатканын жана өзүнүн бир тарапка ыктап турганын жана кош стандарттуу чечимдерди кабыл алып жатканын айтты. Анын айтымында, БШК Атамбаевдин соцсурамжылоолордун жыйынтыгын жарыя кылган мыйзам бузуучулугу боюнча жарандык активисттердин жазган арызын кабыл албай өзүнүн бир тараптуулугун дагы бир жолу далилдеп отурат.

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 + = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: