Menu

Президент баш прокурорго өз кирешеси боюнча маалымат берди

Бөлүшүү:

5-апрелде Президент Алмазбек Атамбаев баш прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алып, 2010-жылга чейинки кирешеси тууралуу документтерди берди.

Атамбаев 2003-жылы январда Түркиянын Измир шаарындагы өнөр жай ишканасындагы өзүнө таандык акциялар пакетин түркиялык ишкерге 45 миллиард түрк лирасына же ал кездеги курс менен 35 млн долларга сатканын күбөлөндүргөн документтерди башкы прокурорго берди. Келишим тууралуу Түркиянын тийиштүү маалымат бюллетенинде 2003-жылы 31-январда жарыяланганын белгиледи.

“Бул документтер “Атамбаевдердин үй-бүлөсүнүн акчасы 2010-жылдан кийин гана пайда болгон” деген Өмүрбек Текебаевдин сөздөрү жалаа экенин ырастайт” – деп айтылат президенттик аппараттын маалымат саясат бөлүмү тараткан билдирүүдө.

Президент муну менен катар Текебаев жана анын бир катар партиялаштары, Убактылуу өкмөт мүчөлөрү да өздөрүндө жана жакын туугандарында 2010-жылы 7-апрелден кийин пайда болгон миллиондогон кирешелери тууралуу маалыматтарды берүүгө тийиш экенин айтты. “Муну өлкө коомчулугу талап кылып жатат! Башкы прокуратура Жазык кодексинин мыйзамсыз баюу тууралуу тийиштүү беренелерин эске алууга тийиш” ,- деп кошумчалаган Атамбаев.

Учурда камакта жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев быйыл 31-январда маалымат жыйын куруп, президент Алмазбек Атамбаев байлыгын кантип топтогонун иликтеп жатканын жарыялаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: