Menu

Медициналык тез жардам кызматы үчүн акы алынабы?

Бөлүшүү:

М.Калиев Азыр айрым мамлекеттик чиновниктер өздөрүнүн көзгө көрүнөрлүк үлгүлүү иши менен эмес, тескерисинче мыйзамды мындай кой, элди таң калтырган билдирүүлөрү аркылуу таанылууда. Мисалы, өткөн жумада Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчиси Марат Калиев медициналык тез жардам кызматы үчүн акы алуу керектигин билдирип, баарыбыздын эсибизди оодарды. Ал мындай сунушту Саламаттыкты сактоо министрлигинин 9-февралда болгон коллегиялык жыйынында жарыялаган. Марат мырзанын пикиринде, пилоттук долбоорду алгач айыл жерлеринен баштоо керек экен. “Албетте, тез жардам кызматын көп чакырган карыларга бекер бойдон кала бериш керек. Бирок чет өлкөлөрдө жөн эле бекер медициналык тез жардам кызматы көрсөтүлбөйт”,- деп ал арканды алыс таштады. Бирок, эске сала кетүүчү жагдай, М.Калиев жетектеген кызмат өкмөткө караштуу жана жарандардын ай сайын алган маянасынан 33%га барабар кармалган салыктын эсебинен каржыланат эмеспи. Ошол эле учурда Конституцияда жарандар бекер билим алуу жана медициналык кызматтардан пайдаланууга акылуу экендиги жазылып турган менен айрым гана болор-болбос дары-дармектер акысыз берилгендиги болбосо, “кош төлөм” (сооплата) деген коррупцияны мыйзамдаштырган беренеге таянып, ооруканага баш баккан жаш баладан тартып, кары-картаңдарга чейин акча албаса, бекер укол да жасалбайт. Андыктан оболу Баш мыйзам менен жөн мыйзамды өзгөртүү туура болуп жүрбөсүн?

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 + = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: