Menu

Генпрокуратура: “Бир Бол” жана “Замандаш” партияларында мыйзам бузуулар аныкталды

Бөлүшүү:

Башкы прокуратура парламенттик шайлоого катышкан эки партиядагы мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда башкы көзөмөлдөөчү органдын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымы боюнча, “Бир Бол” партиясынын мүчөсү А.Ч. Норвегиянын Кыргызстандагы Ардактуу консулу экени аныкталган. Бул консулдук кызмат адамдарына саясий ишмердүүлүк жүргүзүүгө тыюу салган мыйзамдардын талаптарын бузууга тиешелүү.

Буга байланыштуу Башкы прокуратура Тышкы иштер министрлигине мыйзам бузууларды тезинен жоюу боюнча буйрук берди.

Ошондой эле Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү М.К. учурда Социалдык фонддун Кадамжай райондук бөлүмүнүн башчысы кызматын ээлейт. М.К. парламенттик шайлоодо “Замандаш” партиясынан талапкерлигин койгон.

“КРнын Шайлоону жана референдумду өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР Мыйзамынын 22-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамы аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү боло албайт.

Бул маселени карап чыгып, мыйзамдын талаптарына ылайык чечим кабыл алуу үчүн БШКнын жана Социалдык фонддун жетекчилерине кат жөнөтүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 8 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: