Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жүк ташуу жана коммерциялык иштер бөлүмүнүн башчысы Ж.К. аттуу жаран кармалган. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз кызматы билдирди.
Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жооптуу адамдары өздөрүнө жана башкаларга жеңилдиктерди алуу максатында, мыйзамдарды бузуу менен, тиешелүү уруксат кагаздары жок, темир жол вагондорун мыйзамсыз талкалап салышкан. Натыйжада мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтиришкендиги аныкталды.
Маалыматка ылайык, бул вагондор мамлекеттик ишкананын балансында турган.
Ошондой эле, бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан кармалган адамга алдын алуу чарасы тандалып алынат.
Учурда келтирилген чыгымды аныктоо, ошондой эле аталган мамлекеттик ишкананын мүлкүнүн мындан ары ысырап болушуна жол бербөө үчүн бардык зарыл болгон тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ