Menu

Кыяс Молдокасымов, тарыхчы: Кыргызстанга болгон Путиндин мамилеси мындан ары да жакшырат

Бөлүшүү:

-Орусияда президенттик шайлоо болуп, Владимир Путин кайрадан тактыга отурганына аз гана күндөр болду. Келечекте Путиндин Кыргызстанга тийгизген таасири кандай болот деген пикирдесиз?

– Орусиянын президента болуп Владимир Путиндин кайрадан шайланышы Кыргызстан үчүн да жакшы болду. Анткени, анын Кыргызстанга түз мамилесин, ар убак көргөзүп келген колдоолорун кыргыз коомчулуту жакшы билет. Экономикалык жагын башка талдоочулар айтып берээр. Мен болгону өзүбүз күбө болгон эки маселеге гана токтолгум келет.

2016-жылы кыргыз элинин тарыхындагы орчундуу окуя, 1916-жылдагы улуттук-боштондук күрөштүн 100 жылдыгын белгилөө маселеси коомчулукта курч коюлуп, бирок, ага айрым орусиялык саясатчылар каршы чыгып, аны белгилетпөөгө кеп аракет жасашты. Мурдагы бийликтан учурунда Орусия бийлиги каршы чыкса, кыргыз бийлиги тайсалдап, алардын талабын аткарууга мажбур болуп келишкени маалым. Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аракети менен жүйөөлүү пикирге Путин да макул болуп, 100 жылдыкты өткөрүп жаткан учурда өзү Кыргызстанга келип, Ата-Бейитгеги мемориалдык эстеликке гүлчамбар коюп, баш ийип таазим этиши анын кыргыз элине мамилеси түздүгүнүн далили.

Экинчиден, 2017-жылы Кыргызстанда еткөрүлгөн «Алтай цивилизациясы» эл аралык форумда да даана көрүндү. Бул форумду өткөрүү кыргыз бийлиги үчүн оңойго турбады. Дипломатиялык, тарыхый мааниси зор бул маселенин тегерегинде да эки өлкөнүн мамлекет башчылары бери дегенде эле 3-4 жыл сүйлөштү. Акыры Путин макул болуп, демилгени колдоого алганын кыргыз журналисти Сыягул Караманга берген интервьюсунда ачык айтты. Аталган маселе эки өлкөнүн ортосундагы геосаясый мамиледе да олуттуу роль ойноору айдан ачык. Мындан сырткары, Орусиядагы жарым миллиондон ашык эмгек мигранттарыбызга жасаган жылуу мамилесинен да белгилүү болуп келет. Ошондуктан башкы өнөктөш болуп келген өлкөнүн жарандыгын алган мекендештерибиз да шайлоодо Путинге добуш берип колдоого алышканы анык.

– Путиндин кайсы сапатын сыйлайсыз?

– Жаңыдан шайланган Орусия президенти менен учурдагы мамлекет башчыбыз Сооронбай Шариповичтин да мамилеси мыкты экенин билебиз. Жыйынтыктап айтканда, Путиндин Кыргызстанга мамилеси мурда кандай болсо, келечекте да ошол өңүттө өнүгөрүнө ишенебиз. Орус лидери өз өлкөсүн кыйроодон сактап гана калбастан, дүйнө державаларын эсептешүүгө аргасыз кылган кубаттуу өлкөгө айландыруудагы ишмердиги, мамлекетчилдиги, мекенчилдиги, жамандык менен жакшылыкта өз эли менен ар убак бирге болуп келиши кыргыз бийлиги үчүн да өрнөк жана өзгөчө таасирге ээ.

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 + = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: