Мурунку прокуратура кызматкери Канжар Кадыралиевге карата бейбаштык, опузалоо жана өзүм билемдик беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынып, кийин үй камагына чыгарылгандан бери көңүл бурган киши жок. Жабырлануучулар сот иши белгисиз себептер менен улам бир судьянын колуна өтүп, ар кандай себептер менен сот процесси башталбай келе жатканын айтышып, Канжар Кадыралиевдин үй камагында жүрүп алып кысым көрсөтүп жатканын билдирүүдө. Мындан улам Кадыралиевге ашканасын, үйүн тарттырып жибергенин айткан ишкер Мирлан Жолдошов аталган ишти көзөмөлгө алууну өтүнүүдө.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ