Menu

Коронавируска байланыштуу тышкы таасирлердин кесепеттерин азайтуу жана экономикалык өнүгүүнү өбөлгөлөө боюнча республикалык штаб түзүлдү

Бөлүшүү:

Коронавирустун жайылышы боюнча кырдаалга байланыштуу тышкы таасирлердин кесепетин азайтуу жана экономикалык өнүгүүнү өбөлгөлөөгө багытталган экономикалык иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча республикалык штаб түзүлдү.

Республикалык штабды экономикалык маселелерге жооп бере турган   Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев жетектейт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министр Самат Кылжыев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономика министри Санжар Муканбетов штабдын төрагасынын орун басары болуп эсептелет.

Бүгүн штабдын биринчи жыйыны болуп, анын алдындагы маанилүү милдеттер жана маселелер белгиленип, каралды. Тармактык мамлекеттик органдарга тышкы таасирлердин кесепеттерин азайтуу жана ата мекендик өндүрүштү өбөлгөлөө боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү боюнча тапшырмалар берилди.

Эске салсак, өлкөнүн экономикалык коопсуздугу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынында Өкмөткө тышкы таасирлердин кесепеттерин азайтуу жана экономикалык өнүгүүнү өбөлгөлөө боюнча республикалык штаб түзүү сунушталган.

Республикалык штабдын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Финансы министри,  Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитеттин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктин директору, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын директору, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Бишкек шаарынын мэри, Ош шаарынын мэри , Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүм башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүм башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүм башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кредиттик саясат бөлүм башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агрардык өнөр жай комплекси жана экология бөлүм башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын отун-энергетика комплекси жана кен иштетүү бөлүм башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүм башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык өнүктүрүү бөлүм башчысынын орун басары.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − 11 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: