Menu

“Апрель” телеканалынын обого чыгышына Аскер прокуратурасы тыюу салды

Бөлүшүү:

Аскер прокуратурасы “Санарип технологиялар” ЖЧКсына “Апрель” телеканалын обого чыгарууга тыюу салганын 26-ноябрда каналдын расмий сайты билдирди.

Маалыматка ылайык, тийиштүү кат “Санарип технологиялар” ЖЧКсынын директору Кубат Оторбаевге 26-ноябрда келип түшкөн. Дал бүгүн “Апрель” телеканалы обого чыгабыз деп билдирүү жасашкан.

“Өз катында Аскердик прокуратура Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен “Апрель-ТВ” ЖЧКсынын “Санарип технологиялар” ЖЧКсындагы үлүшү камакка алынганын келтирген. Аскер прокуратурасынын тергөөчүсү Канат Биримкуловдун пикиринде, үлүш мүлктүн камакка алынышы  менен “Апрелдин” директору Дмитрий Ложников каналды трансляция кылуу жөнүндө талап кое албайт”, – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле тергөөчү 21-ноябрда “Санарип технологиялар” ЖЧК ээлеринин жалпы чогулушунда “Апрель” менен “7-канал” телеканалдарын обого чыгаруу чечими мыйзамга туура келбегенин баса белгилейт.

Аскер прокуратурасы ал протоколду сотко берип, жокко чыгарта алган. Аскер прокуратурасы ушинтип мыйзамдар бузула берсе, сот аркылуу 21 телеканал кирген “Санарип технологиялар” ЖЧКсынын ишмердүүлүгүн токтотуп коюшарын айткан.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 7-августунда Кой-Таш айылындагы экс-президент А.Атамбаевдин үйүнө чабуул жасалганда, телеканалдын обосу токтогон. Тергөө органдары 9-августта КСДП менен телеканалдын кеңсеси жайгашкан “Медиа Форумдун” имаратын камакка алган. Ошондон бери “Апрель” телеканалы обого чыкпай келет.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: