2010-жылдын 7-апрелиндеги революциянын арты менен мародерлукка аралашкан деген шек менен бир топ атамекенчилер коомчулук тарабынан айыпталып келет. Бирок мыйзамдуу түрдө аларды жоопко тарткан эч ким болгон эмес. Кечээ жакында президент Алмазбек Атамбаев мародерлордун жакында бети ачыларын жар салган эле. Убакыт келип калса керек, учурда Райхан Төлөгөнов баласы менен бирге УКМКнын камагына алынды. Талап-тоноочулук боюнча козголгон кылмыш иши жанданып, тергөө жүрүп баштады. Негизинен мародерлукка Болот-Шер, Текебаев, Мадылбеков, Төлөгөнов аралашканы боюнча маалыматтар тараган. Бирок булардын ичинен Текебаев менен Төлөгөнов камакта жатат. Ал эми Болот-Шер менен Турат Мадылбековдун тагдыры эмне болоору белгисиз. Болот-Шер го ден-соолугуна шылтап, жоопкерчиликтен качышы мүмкүн. Ал эми Мадылбековду чукуган эч ким жок го. Ал өзү да жылан сыйпалагансып таптакыр жок болуп кетти. Же соодалашуу жүрүп жатабы?
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ