Menu

Министр Нурболот Мирзахмедов акча жеп алганы үчүн таяк жедиби?

Бөлүшүү:

Автобиографиясын карасаң, жарым барак толбойт. Чампаламай. Райондук деңгээлдеги кызматтан эле «Бир Бол» партиясы аркылуу келип, өзгөчө кырдаалдар министри болуп алган. Баса, бул эргулдун Сузакта аким болуп жүргөндөгү кылыктары, жерлерди мыйзамсыз сатууга шектелгени боюнча өзүнчө токтолобуз. Азыр кеп башкада. Биз суроо салалы, жооп берип көрүңүз?

– Нурболот мырза, жакынкы күндөрү «Манас» эл аралык аэропорту тараптан улак тартышка барганыңыз, ал жактан жердешиңиз менен чырдашканыңыз кандай? Шайлоодо акча жеп алдыңыз беле? Ошонун кесепетинен сузактык жердешиңиз ачууланып, чындык үчүн сизди кайыштыра кармап уруп койгонун моюнга аласызбы? «Министр  акебизге болушабыз» деген «жетим жүгүрүктөр» да токмок жеди беле? Андан кийин балдарды топтоп, «разборка» кылууга чамынып, бирок, кайран дух жетпей элдешүүгө бардыңызбы? Дал ушул окуя боюнча «Азия Ньюс» гезитине жооп берип койсоңуз, кеп чекитин аңдан кийин коёлу!

«Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун кадрлары башынан эле ар балээге шектелгени, же чала сабаттыгы менен бийлик кадырын кетирип келгени ачуу чындык! Алтынбек мырза мындан ары пулуна карабай, ишбилги, сабаттуулугуна карап мамиле кылганды үйрөнөбү? Же «көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы» сыңарындагы таз кейпинен арылбай калдыбы?..

Арстан Алгырбеков

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: