Menu

Аскерде кызмат кылган жигиттер үчүн ЖРТнын жыйынтыгы 3 жылга чейин жарактуу болот

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору 3-окууда каралды. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдрет.

3-окуудагы мыйзам долбоорун жыйынга Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Аскарбек Шадиев алып чыкты.

Азыркы учурда жоокерлерибиз кызматын өтөп бүткөндөн кийин жогорку окуу жайларына (ЖОЖ) тапшырууда кыйынчылыктарга туш болууда. Жогорку окуу жайларга тапшырууда жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы менен кабыл алынат. Ал эми анын жыйынтыгы бир жылга гана жарактуу. Сунушталган мыйзам долбоору аркылуу ЖРТнын жыйынтыгын 2 жылга жарактуу болгондой түзөтүүлөр сунушталган.

Мыйзам долбоору 1-окууда каралгандан кийин депутаттар Каныбек Иманалиев менен Улан Примовдон аскерде кызмат кылган балдар үчүн ЖРТнын жыйынтыгын 3 жылга чейин жарактуу кылып көбөйтүү сунуштары келип түшкөн. Мындай сунуш күз мезгилинде аскерге чакырылган балдар үчүн ЖРТнын жыйынтыгынын 2 жылдык мөөнөтүндө ЖОЖдорго тапшырууга жетишпей калат. Мындан сырткары, мыйзам долбоору менен ЖОЖдорго өтүүдө ЖРТнын жыйынтыгында окшош балл болуп калган учурларда артыкчылык аскерде кызмат өтүп келгендерге берилерин белгиленген ченем киргизилүүдө.

Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: