Оштогу аскер бала токко урунуп, ооруканага жаткырылып, дарыланууда. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Башкы штабдын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, окуя кечээ, 4-декабрда болгон. Оштогу аскер бөлүктө келишимдик негизде иштеген кызматкер Гүлчөдөгү №92843 аскер бөлүктүн ефрейтору жана радиотелефонисти машыгуу аянтынан келе жатканда токко урунган. Тагырагы, ал жогорку вольттуу электр өткөргүч линиясынын жанынан өтүп бара жатканда радиостанциянын антеннасы аркылуу аралыктан ток урган. Жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда ал райондук ооруканада дарыланууда, абалы орто, оор. Кызматтык иликтөө жүрүп жатат.
Эске сала кетсек, буга чейин аскердеги үч бала каза болгон. Бирөөсү 5-ноябрда көз жумган. Ал ЖАМКнын кайратуу жана күзөт департаментинде токко урунган. 6-ноябрда ЖАМКнын кайтаруу жана күзөт департаментинде жоокер каза тапкан. 18-ноябрда Оштогу аскер кызматкери асынып каза болгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ