Menu

Өмүрбек Текебаев: Атамбаевдин түшүнүгү, денгээли карапайым Камчыбектикинче болбоду

Бөлүшүү:

(Башы өткөн санда)

«Эшимканов издеген суроого жооп таптым»

– Геосаясаттын төрт законун окугандан кийин мен Мелис Эшимканов издеген суроого жооп таптым. Убагында Батыш менен Чыгыштын экономикалык байланышын камсыз кылып турган Жибек Жолунун бир тилкесине кыргыздар ээлик кылган. Жөн гана ээлик кылбай, кербендерди тосуп алып, жайгаштырышып, керек болсо коопсуздугун камсыз кылып, Анжиян, Ташкентке, же андан ары Бухара, Самаркандга чейин узатып барып келип турушкан экен. Ошон үчүн ат-башылыктар менен алайлыктар көп эл менен мамиле түзгөн, кеп соодагерлерди көргөн, дүйнөдө эмне окуялар болуп жатканынан (ал кезде интернет жок), кандай эл, кандай маданият бар экенинен кабардар болгон, эң башкысы, экономикалык байланыш бар калк болгон экен. Тарыхтан деле алайлыктар Анжияндын, Ташкенттин базарларын кармап келишкенин, Кокон хандыгында Ош менен Анжияндын мэрлери кыргыздар болушканын билебиз. Ошондон улам алайлыктар менен атбашылыктарда өзгөчө менталитет пайда болуп, муундан-муунга берилип келе жатыптыр. 1990-жылдарда жаңы тарыхый жагдай жаралганда ошол менталитет ишке жараптыр.

Геосаясаттын төрт закону Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушунун маанисин түшүнүш үчүн да маанилүү. Хэлфорд Маккиндер аттуу англис окумуштуусу дүйнөдө цивилизацияны шарттуу түрдө экиге бөлгөн. Деңиз цивилизациясы жана кургак жер цивилизациясы. XVI кылымга чейин кургак жер цивилизациясы дүйнөдө үстөмдүк кылган. Ал замандарда Кытай менен Индия жомоктогудай бай жашашкан. Алардын эли Европа элине караганда эки-үч эсе жакшы турушкан. Аларда илим менен техника, маданият өнүккөн. Европа элдери бүгүн биз Америка менен Европага кандай көз артсак, суктансак, мындан 400 жыл мурун Чыгыш алар үчүн жомок болуп, суктанышкан. «Ошол жакка келсек» деп алар жол издеген. Жүздөгөн жылдар бою ал жол Орто Азия аркылуу өткөн. А Кытайдан келген жол Кыргызстан аркылуу өткөн. Бирок, XVI кылымдарда европалыктар Африканы айланып өтүп, Индияга жол ачышат. Ошентип, Улуу Жибек Жолунун мааниси кыйла төмөндөйт. Советтер Союзу Кытай менен чек араны жапканга чейин регионалдык мааниде болсо да Жибек Жолу иштеп турган.

Европа өлкөлөрү деңизди өздөштүрүп, деңиз жолдорун ресурс катары өз көзөмөлдөрүнө алгандан кийин дүйнөгө үстөмдүктү Европа мамлекеттери, ошонун ичинде Англия жүргүзүп калат. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин АКШ деңиз жолдорун, демек, дүйнөлүк сооданы көзөмөлдөп турат. Мурун дүйнөнү Чыңгызхан башкарса, Британия Чыңгызхандын империясынын ордун алмаштырат. Ошентип, Европа менен Азияны гана эмес, дүйнөнүн төрт бурчун байланыштырган жолду алар ээлеп отуруп калган. Кургак жер цивилизациясына кирген Россия менен Кытайдын баркы бир топ түшөт. Албетте, Орто Азия дагы өзүнүн каржылык булагынан ажырайт.

Англис окумуштуусу Маккиндер «хартланд» деген түшүнүктү киргизген. Ал «орто жер» – Орто Азия экен. Чоң Орто Азияга Афганистан, Иран, Түркмөнстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан кирет. Индиядан келген жол да, Кытайдан келген жол да Орто Азия мамлекеттери аркылуу өткөн. Ошол заманда «ким Орто Азияга ээлик кылса, Ал ЕвроАзия континентине ээ болот. Ким ЕвроАзияга ээ болсо, ал дүйнөнүн ээси болот» деген түшүнүк, ишеним калыптанып калган. Ошон үчүн Чыңгызхан Орто Азияны ээлеп, Жер Ортолук деңизине чейин барып, «дүйнөнү ээледим» деп жарыялаган. Чыңгызхандын, андан кийин чынгызиддердин империясынын жаралышынын негизги себептеринин бири Жибек Жолун көзөмөлдөп, андан эбегейсиз пайда көрүп туруу болгон. Монголдор кербен сарайларды куруп, каракчыларды жоготуп, соодегерлердин коопсуздугун камсыз кылышкан. Монгол империясынын убагында Чыгыш-Батыш экономикалык, маданий байланышы болуп көрбөгөндөй күчөгөн. Бирок, деңиз жолдору ачылгандан кийин деңизге ээ болгон өлкөлөр дүйнөгө ээ болуп калышты. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин АКШ деңиз жолдорун, демек, дүйнөлүк сооданы көзөмөлдөп турат.

– Жибек Жолу мурунку маанисине кайра ээ боло алабы?

– Акыркы жылдары Чыгыш өлкөлөрүнүн, өзгөчө Кытайдын экономикасы өсүп, деңиз жээгиндеги табигый ресурстар азайып, континенттин ичиндеги (ички Кытай, Сибирь) ресурстарды өздөштүрүү зарылдыгы келип чыгып, жолдор курулуп жатат. Тез жүргөн темир жолдор, автомобиль, аба жолдору курулуп, кургак жер цивилизациясы дагы кайрадан баш көтөрө баштады. Европа менен Кытайды байланыштырган Казакстан, Россия аркылуу темир жолдор бар болсо да, дагы курулмакчы болуп жатат. Акыркы 20 жылда Казакстан Кытай аркылуу эки жаңы темир жол курду, азыр үчүнчүсүн курганы турат. А биз 25 жылдан  бери бир чакырым темир жол , курган жокпуз. Автожолду эсепке албаганда, ата-бабаларыбыз көзөмөлдөгөн табигый дарбазаларыбыз болгон Торугарт менен Эркечтамды эл аралык соода деңгээлинде ишке киргизе албадык. Мен муну кылмышка тете мажирөөлүк, шалаакылык катары эсептейм. Эгер биз «хартланддын» бир бөлүгү табигый дарбазаларыбызды темир жол менен ачсак, Кыргызстандан келечекте жылына 20-30 млн. тонна жүк Чыгыштан Батыпггы, Батыштан Чыгышты көздөй өтүп турат. Жылына 500 млн., 1 млрд, доллардан кем эмес транзиттен акча табабыз. Эң башкысы, Кыргызстан өзүнүн чыгарган товарларын үч океан: Тынч океан, Инд океан, Атлантика океаны аркылуу дүйнөнүн төрт бурчуна таратканга мүмкүндүк алат. Анда Кыргызстан жаңы геосаясый ресурска ээ болот. Транзиттик өлкөгө айланат. Биздин өлкө аркылуу жүк өтөт. Жакынкы Чыгышка, Орто Азияга эң жакын жол Кыргызстан болуп калат. Ошондуктан, бул жолду курушубуз керек. Нарын дарыясы миллиарддаган жыл аккандай эле, адамзат жашап турганда темир жолдон жүк өтүп, Чыгыш менен Батыш элинин ортосунда карым-катнаш улана берет. А бирок, Алмазбек Атамбаев темир жолду да «Өзбекстан менен биргелешкен ишкана түзүп, 50-50 пайыз менен чогуу курабыз» деп Өзбекстанга убада берип койду. Ата-бабабыздан калган мурасты, келечек муунга калтыра турган ырыскыны Өзбекстанга берип койду! Муну да кечирилгис ката, алтурсун улуттун кызыкчылыгын саткан кылмыш катары баалайм.

-Курманжан датканын уулу Камчыбек контрабандистпи же улуттук баатырбы?

– Курманжан Датканын уулу Камчыбек контрабандага айыпталып, аны Россия империясынын соту өлүм жазасына тартканы баарбызга белгилүү. «Контрабандист болсо, анан эмнеге биз аны муундан-муунга аңыз кеп кылып, романдарды жазып, улуттун баатыры катары сактап келебиз?» деп мен союз убагында ойлоп жүрдүм эле.

Кыргыздар Чыгыш менен Баташты бириктирген Жибек Жолунун дарбазаларына (Эркечтам, Торугарт) ээлик кылышкан. Ага ээлик кылыш үчүн чыгаан болуш, байлыгыңды, колуңдагы ресурсуңду тартып алгысы келген душмандын мизин кайтарыш үчүн кайраттуу, күчтүү, бекем болуш керек. Алайлыктар менен атбашылыктар ошондой касиетке ээ болушкан. Камчыбек Кыргызстандын бул территориясын геосаясый ресурс катары «Кудай бизге берген, биздин ата-бабаларыбыз бул жерден пайда көргөн, бизге мурас кылган, биздин бала-чаканын ырыскысы» деп ишенген. Алардын идеологиясы мына ушундай  болгон. Орустар куч менен тартып алганда да алар моюн сунуп, тааныган эмес. Россиянин мыйзамына баш ийбестен, ата-бабадан калган өз укуктарын талашкан. Суверенитет – кыргызча эгемендик. Эгемендик деген «ээсимин» (эгесимин) деген сөздөн келип чыккан. Демек, Качыбек – контрабандист эмес. Ал улуттук боштондук үчүн күрөшкөн баатыр, лидер. Ошондуктан, кыргыз эли аны баатыр катары даңазалап келет.

– Ал эми Камчыбектин алдында бүгүнкү биздин жетекчилерге кандай баа берсек болот? Камчыбек түшүнгөн геосаясаттын мыйзамдарын, улуттук кызыкчылыкты түшүнбөгөн Кыргызстандын бүгүнкү бийлигин кандай бааласак болот? Камчыбектин алдында Атамбаев кандай масштабдагы, кандай мүнөздөгү мамлекеттик ишмер болуп калат?

– Камчыбек кичинекей айылдан, өрөөндөн чыккан ишмер болгон менен, ал Мирзиёевдей геосаясаттын төрт мыйзамына ылайык, кыргыздардын кызыкчылыгын коргоп жатпайбы. Геосаясатта «ыңгайлуу географиялык точка» деп аталган Жибек Жолунун Алай дарбазасынын маанисин түшүнүп, ага болгон кыргыздардын суверендуу укугун коргоп жатпайбы. XXI кылымда «Суверендуу мамлекеттин лидеримин» деген Атамбаевдин түшүнүгү, кылган иши жүз элүү жыл мурунку өрөөн башчынын тушүнүгүнөн да, кылганынан да төмөн болуп жатат го…

Бүгүн Кыргызстандын территориясы эки чоң геосаясый ресурска, кыргыздар монополиялык ээлик кылганга шарт түздү. Биринчиси, гидроэнергетикалык ресурс. Экинчиси, коммуникациялык ресурс (жолдор, газ, электр өткөргүчтөр). Мына ушул эки геосаясый ресурсубузду тең Атамбаев Өзбекстанга бекер карматып жиберди. Эмнеге бекер деп жатам? Анткени, Атамбаев «биргелешкен ишкана курабыз» деп Өзбекстанга убада берди. Ал деген айтылган ресурстарыбыздын «жарымы Кыргызстандыкы, жарымы Өзбекстандыкы» болот деген сөз.

– Кыргызстандын бош финансы каражаты жок. Өз алдынча ГЭСти да, темир жолду да кура албайт. Өзбекстан менен чогуу курган бизге пайдалуу эмеспи?

– Бул жаңылыш жол. Биринчиден, биздин сууга көз арткан, суудан көз каранды болгон өлкөнү биздин сууну көзөмөлдөп башкарууга жакын жолотпошубуз керек. Экинчиден, Өзбекстан биздин түгөнгүс ресурсубузду бекер алып жатат. Кыргызстан ГЭСтерди куруш үчүн биргелешкен ишканага өзүнүн географиялык орду менен, Кудай берген түгөнбөгөн гидроресурсу менен кирет. Өзбекстан эмнеси менен кирет? Эч нерсеси менен кирбейт, бекер кирет. Демек, биздин үлүшүбүз баа жеткис. Анан ошол ишкана 5-10-млрд, доллар карыз алып, ГЭСтерди куруп, андан чыккан электр энергиясын сатып, түшкөн акчанын эсебинен карыздан кутулат экен. Өзүбүздүн топубузду өзүбүзгө кийгизип, биздин ресурстан түшкөн акчанын эсебинен карыздардан кутулгандан кийин, ГЭСтердин жарымы биздики, жарымы Өзбекстандыкы болуп калат. Бул кандай улуттук саясат болсун?! Бул улуттук кызыкчылыкты коргоо эмес, тескерисинче, улуттук кызыкчылыкты сатуу, чыккынчылык болот.

Темир жол да – түгөнгүс геосаясый стратегиялык ресурс. Биз темир жолун куруучу биргелешкен ишканага ушул түгөнгүс геостратегиялык ресурсубуз менен киребиз, а Өзбекстан эч нерсе кошпойт. Анан биргелешкен ишкана түзүп алып, ишканага 5-6 млрд, доллар карыз алабыз. 15-20 жылдан кийин биргелешкен ишкана (темир жол өзү) карызды төлөп бүтүп, жолдун жарымы Кыргызстандыкы, жарымы Өзбекстандыкы болуп калат. Демек, Өзбекстан темир жолдун жарымын бекер алып жатат. Камчыбек «жолдун жарымын да орустарга бербейм» деп күрөшүп өлгөн. Бизчи? Куруп алган хан-сарайда чардап жатып, бир шайлоонун жыйынтыгы деп улуттук кызыкчылыкты Өзбестандын колуна кармата берген Атамбаевдин саясатын токтото алабызбы? Камчыбектин деңгээлине көтөрүлө алабызбы?

Мен президент Сооронбай Жээнбековго, бүгүнкү өкмөткө «Атамбаевдин бул саясатын токтоткула!» деп чакырык таштап, кайрылам. Ата-бабалардын, келечек муундун алдында уят болбойлу.

(Уландысы бар)

(Маекти даярдоого жардам берген адвокат Таалайгул Токтакуновага ыраазычылык билдиребиз)

Динар Турдугулова

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 89 = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: