Menu

“Токон Мамытов бир да карапайымдын чекесин сылап, укугун коргогон жок”

Бөлүшүү:

Мурдагы УКМК башчылыгын ж.б. чоң кызматтарды аркалаган Токон Мамытов акыйкатчы болуп шайлангандан бери алты айдан ашык убакыт артта калыптыр. Акыйкатчылыкка талапкер болгон, иштесе ишке тойбой турган курактагы жарандык активист Канатбек Азиз, укук коргоочу Рита Карасартовалар шайланып калганда, балким жандуу иш алып барар беле деп бармак тиштейсиң. Бирок бийлик Токон Мамытовду шайлады. Укук коргоо тармагында аялуу катмар акыйкатка жетпей зарлаган заманда алты айдан бери жандануу, жылыш деле болбой, коймаарек тарткан тынчтык өкүм сүрөт. «Акыйкатчынын алып барып жаткан ишине ыраазысызбы?» деп айрым эксперттерге суроо узаттык.

Дариха Асылбекова, «Ак жүрөк» кризистик борборунун жетекчиси:

– Мен негизи Токон Мамытов эле эмес, андан мурунку иштеген акыйкатчылардын баарын жакшы билем. Бүгүнкү акыйкатчы Токон Мамытовго көз карашым жакшы эмес. Себеби, Башмыйзамда каралбай калганбы, мыйзамда жокпу – сотко катышып отурушат, бирок эч кандай маселе чече алышпайт. Эч бир үн кошо алышпайт. Анан бүгүн мындай акыйкатчынын эмне кереги бар? Акыйкатчылыкты жоюп салса деле болот. Алар кайсы сот болбосун, барып отурушат, бирок унчугушпайт. Булардын сөзү өтпөсө, анда неге караанды көбөйтүп басып жүрүшөт?

Кризистик борбор катары канча кайрылдык, үн кошо алышпады. Маселе туура эмес чечилип жатканын көрүп, ушундай бир таламын талаша турган жерде да аларда үн жок. Эч жардамдары жок. Татаал учурларда өз таасирлерин тийгизип, акыйкаттык издеген адамга шоола болуп берүүлөрү керек эле. Бизге жалаң зомбулук көргөн, укугу тебеленген кыз-келиндер кайрылат. Сексуалдык зомбулуктан жабыр тарткан жаш чырпыктар бар. Бирок, укуктары тебеленген бойдон кала беришет.

Ушундай оор учурларда булардын жардамы тийбесе, акыйкатчылык эмнеге түзүлдү? Биздин көз алдыбызда туура эмес эле чечимдер чыгып жатат. «Сиз үн кошуп, жардам көрсөтпөйсүзбү?» десең, «менин укугум жок» дешет. Мамлекеттен жүз миңдеген айлык алып коюп эле отурушат. Ал эми айлык акы албаган укук коргоочулар деле алардан жакшы иштерди аткарышууда.

Аманбол Бабакулов, жарандык активист

– Кыргызстанда азыркы учурда акыйкатчы жок, б.а., иштебей эле. Токон Мамытовдун акыйкатчы болуп келгени – бул чоң жаңылыштык деп эсептейм. Анткени бизде акыйкатсыздык орноп, канча деген жарандарыбыз мурдагыдан да кыйналып жатат, канча деген кайрылуулар болуп жатат? Бирок, бир дагы жолу чыгып, акыйкатчы катары өзүнүн комментарийин бере элек. Же болбосо социалдык түйүндөрдө ушул акыйкатчынын баракчасы барбы, кандай иш алып барып жатат – эч кандай маалымат жок. Иштебеген, пенсия курагындагы адамдын айлык акы алып эле отурганы аша чапкандык эмеспи? Биз акыйкатчыны жаңылыш тандап алган жокпузбу?

Кайрадан акыйкатчынын ордун карап чыгып, Токон Мамытовду иштен алышыбыз керек. Негизи эле ким акча берсе ошонун ырын ырдап, акча бербесе ырын ырдабаган акыйкатчынын бизге кереги жок. Ошондуктан канча деген жарандарыбыз кыйналууда? Мисалы, үйлөрүн тарттырып жиберип жатышат. Мындай адамдын кандидатурасын Жогорку Кеңеш кайра карап чыгуулары бүгүнкү күнгө зарыл иш. Болбосо бизде акыйкатчы деген статус болгону менен эмне иш алып барып жаткандарын коомчулук билбейт. Кимдин таанышы, акчасы болсо сөзү чоң. Бир карапайымдын чекесинен сылап, укугун коргоду дегенди эч жерден окуганым да, укканым да жок.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: